COVID-19 менен күрөшүүдө өкмөт кандай ката кетирген? Комиссиянын жыйынтыгы
COVID-19 менен күрөшүүдө өкмөт кандай ката кетирген? Комиссиянын жыйынтыгы
22 Үчтүн айы 2021 12:16 Бишкек Govori.TV
Коронавирустун алгачкы толкуну маалында өкмөткө караштуу мекемелердин ишинде бир топ мүчүлүштүктөр болгонун атайын комиссия иликтеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн 22-январдагы жыйында аталган комиссиянын мүчөлөрү маалымат беришти.
Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, жарандык активисттер, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү кирген.
COVID-19дун биринчи толкунунда мамлекеттик органдардын ишинде төмөндөгүдөй мүчүлүштүктөр болгон:
каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар бар;
коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы. Тактап айтканда, маанилүү дары-дармектерди камтыган COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган;
коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө көчөлөрдү дезинфекциялоо практикасы эч кандай эффект берген эмес;
обсервациянын көбүндө шарт начар болгон. Анткени имараттар стационарларга ылайыкталган эмес. Медкызматкерлер арасында вирусту кызыл зонада эмес, обсервацияда жуктургандар көп болгон;
дарылоонун үчүнчү протоколу 2020-жылдын 15-майында киргизилип, ата мекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизмесин 1-июлда гана ала алган. Натыйжада маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алып келинип, ал препараттардын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келген;
гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү натыйжалуу болгон эмес. Мисалы, өлкөгө келген гуманитардык жардам менен ооруканаларга берилген жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмачылык бар;
дарылоонун экинчи протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган;
мамлекеттик органдар комиссияга «Семетей» госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө, ошондой эле профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчёт берген эмес.