Бишкекте саат 10:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 200 бош орун бар. Бул тууралуу брифинг учурунда КР саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча:
Улуттук хирургия борборунда – 1 орун;
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 8 орун;
№2 клиникалык төрөт үйүндө – 13 орун;
№1 шаардык клиникалык ооруканада – орун жок;
№6 шаардык клиникалык ооруканада – бош орун жок;
Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 4 орун;
Чүй облустук бириккен ооруканасында – 3 орун;
Улуттук госпиталь: ИОВ – 12 орун;
Улуттук онкология жана гематология борборунда – 3 орун;
Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – 4 орун;
Республикалык наркология борборунда – 14 орун;
Улуттук госпиталь: Мобилдик клиника — 1 орун;
Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок;
Аскер госпиталы — 6 орун;
Курортология жана калыбына келтирүү институту – 60 орун;
Улуттук госпиталь: Нейрокорпус – 5 орун;
Д.Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 343 орун;
Улуттук эне жана баланы коргоо борбору — 23 орун;
Фтизиатрия борбору (КММА №6 жатакана) – бош орун жок.
«Жалпысынан Бишкекте 2 миң 364 бош орун бар, анын ичинен 147си интенсивдүү терапия палатасы. «Кызыл зоналарда» 343 дарыгер жана 569 медайым иштеп жатат», — деди ал.