Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын биринчи вице-мэринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
«18-май күнү Нарын облустук бириккен ооруканасына COVID-19 диагнозу менен Нарын шаарынын биринчи-вице-мэри Давид Курманов жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп айтышууда», — деп билдирет штаб.
Эске салсак, буга чейин Нарын шаарынын мэриясы шаардын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алган. Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыктан иштеп жатканын билдирген.