• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

COVID-19дан 10 адам көз жумуп, вирус дагы 1117 кишиден жаңы аныкталды

23 Теке 2021 10:48 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 23-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүй, Талас облустарында экиден, Жалал-Абадда бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 227 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 117 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 678 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 155 005 адамга жетти. Андан 132 138 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Количество просмотров: 212