Кыргызстанда COVID-19 диагнозу тастыкталган 91 адам айыгып, бүгүн, 1-февралга караган суткада ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 80 миң 987 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.