Өлкө аймагында COVID-19 илдетинен дагы 111 адам сакайып, бүгүн, 9-февралга караган суткада ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаарында 31;
Ош шаарында 3;
Чүй облусунда 40;
Ош облусунда 9;
Талас облусунда 2;
Нарын облусунда 1;
Ысык-Көл облусунда 18;
Жалал-Абад облусунда 5;
Баткен облусунда 2.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 81 825 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланган.