• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

COVID-19дан дагы 7 бейтап каза болду

19 Бугу 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Республикалык штабдан кабарлашканай, сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 1, Талас облусунда — 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 569 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 65 бейтаптын абалы орто оордукта, 408 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 558 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 497 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 219 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 483 киши айыгып чыкса, 1 миң 725 адам каза болду.

Количество просмотров: 79