Бүгүн, 10-декабрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 3 адам көз жумду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.
Алардын бирөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда, дагы бирөө Талас облусунда дарыланып жаткан.
Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония аныкталгандан кийин жалпы 1306 адам каза болду.