• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча окуудан өткөн ыктыярчыларга атайы паспорт берилет

1 Теке 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ыктыярчыларды коронавирус менен күрөшүү боюнча атайы окуудан өткөрөт. Бул тууралуу Govori.TVга аталган борбордун адиси Рысбек Букарадинов Govori. билдирди.

Анын айтымында, 7-июлда ыктыярчылардын башын бириктирген чоң жыйын өтөт.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ыктыярчыларды коронавирус менен күрөшүү боюнча атайы окуудан өткөрөт. Анда коронавирус инфекциясы менен ооругандарга алгачкы жардам көрсөтүү, жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу эрежелери үйрөтүлөт.Окуу курсун аяктаган бардык ыктыярчылар бирдиктүү реестрге катталат. Тестирлөөдөн өткөн ыктыярчыларга COVID-19 менен күрөшүүдө кайрымдуулук иштерин жүргүзүү үчүн паспорттор берилет. Бул боюнча 7-июлда жыйын өткөрүп, жол-жоболорун аныктайбыз»,-деди Букарадинов.

Букардинов таажы илдети менен күрөшүү боюнча окуудан өтөм деген ыктыярчылар dobro.med.kg аталышындагы сайт аркылуу каттоодон өтсө боло турганын билдирди.

Количество просмотров: 78