Коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда курч суроолорду беришкен.
Ыктыярчылардын айтымында, жолугушууга 12 адам барган. Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууга журналисттер катышкан эмес.
Президенттин басма сөз кызматы азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.
Ал эми Президент менен жолугушууга барган ыктыярчыларды бири Эльдар Шабданов видео кайрылуу жасап, барган ыктыячылар кандай суроолор жана сунуштар менен өлкө башчыга кайрылганы тууралуу кенен айтып берди.
Анын айтымында суроолор, сунуштар, сындар абдан көп айтылды.