Өлкөдө эпидемиялык абал курчугандан кийин медкызматкерлер жетишпей, ыктыярчылар жардамга келди. Медиктердин жүгүн жеңилдеткен ыктыярчылар күнү-түнү адам өмүрүн сактап калуунун аракетинде жүрүшөт.
Айрым топтор дары-дармек тапса, башкалары тамак-аш уюштуруп, дагы кими жабдыктарды жасоо, орнотуу, ага акча чогултуу менен алек.
Кээ бир күндөрү бейтаптын өмүрүн сактап кала албай, бушайман болушканы зээнди кейитет.
Илдет аймактарда да көбөйүүдө. Жарандар өзүнө өзү жардам берүү аракетин улантууда. Ушул кырдаалда ыктыярчылардын жасаган иши ат көтөргүс.