Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, учурда ваакцина алуу үчүн атайын каражат бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуунун кажети жок экенин билдирди.
» Ушуну алып киргенден уялбайсыздарбы? Ковид бүттү го эми. Азыр бары эле шорпо ичип дарыланып жатпайбы. Эмне үчүн мындай кылып, мамлекетти, элди алдайсыңар?»,-деп кейиди.
Мындан сырткары буга чейин ковидке деп, грант катары бөлүнүп келген 300 миллион доллардын каяка кеткенине кызыкты.
Бул сууроого министрликтин өкүлүнөн жооп болгон жок.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору кийинкиге жылдырылып, комитеттен колдоо тапкан жок.