• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

CPJ 11 журналистке козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды

27 Аяк оона 202416:48 Бишкек Govori.TV

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарындагы Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists — CPJ) кыргыз бийлигин Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине козголгон кылмыш ишин токтотуп, алардын ичинен камакта жаткан журналисттерди эркиндикке чыгарууга чакырды.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гулноза Саид “иликтөө менен алектенген журналисттер ойдон чыгарылган айып менен жоопко тартылса, Кыргызстандын эл аралык аброюна дагы бир жолу олуттуу сокку болорун” айтты.

26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда журналисттерге козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланып, анда жарыш айтылган. Прокурор алардын ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сураган.

Количество просмотров: 103