• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокурор 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү сурады

26 Аяк оона 202412:49 Бишкек Govori.TV

“Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда прокурор шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады.

Отурум бүгүн, 26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатат.

Бул жолку соттук отурумда журналисттердин материалдарына көз карандысыз экспертиза жасаган эксперт Нарынбаева көрсөтмө бермек. Ал соттук жараянга келбей калгандыктан тараптар жарыш сөзгө өттү.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Кийинчерээк алардын жетөө үй камагына чыгышкан.

Журналисттер коюлган айыптар менен макул эместиктерин айтып келишет.

Количество просмотров: 133