• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова биринчи беттешинде жеңишке жетти

19 Аяк оона 201915:43 Бишкек Govori.TV

Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешинде жеңишке жетти.

Тыныбекова биринчи кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла менен күч сынашып, атаандашын 8:0 эсебинде утту.

Эми ал кийинки айлампада Япония менен Германиянын спортчуларынын таймашында жеңген балбан менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Казакстандагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу 16-22-күндөрү Нур-Султан (мурдагы Астана) шаарында болуп өтөт.

Количество просмотров: 79