Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаевди тосуп алышты. Аны тосуп алууга аталган мекеменин кызматкерлери, күйөрмандары жана массалык маалымат каражаттырынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Белгилүү болгондой, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев Грузияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатта алтын медаль жеңген.
Мелис Турганбаев 11-октябрь күнү 55-59 жаштагы салмагы 78 килограммга чейинки спортчулар арасында мелдешке чыккан. Жыйынтыгында Иран, Украина, Казакстан жана АКШдан келген төрт атаандашын тең жеңип, дүйнө чемпиону аталды.
Финалда спортчу АКШлык Жордж Брэдли менен ат салышып, 4:0 эсебинде жеңип чыкты-, деп айтылат маалыматта.