• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Дүйнө чемпиондугу: Президент балбан кыздарды куттуктады

8 Тогуздун айы 2021 12:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде жеңишке жеткен спортчуларды куттуктады.

Президент күрөш боюнча улуттук курама өлкөнү дүйнөгө таанытып, кыргыз спортунун тарыхын жазып жатышканын айтты.

“Мээрим биздин сыймыгыбыз. Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң! Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык”, — деди Жапаров.

Эскерте кетсек Мээрим Жуманазарованын алтын медалы кыргызстандык балбандардын Ослодогу Дүйнө чемпионатында уткан бешинчи медалы. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Количество просмотров: 70