• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дүйнөдө 1,7 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду

11 Чын куран 2020 15:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 1 млн 700 миң адамдан ашты. Ал эми каза болгон бейтаптардын саны 102 миңге жетти.

Бир суткада Кытайда 46, Бразилияда 154, Пакистанда 93, Мексикада 403, Таиландда 45, Украинада 308, Өзбекстанда 45, Кыргызстанда 41 жаңы учур катталды.

ВВС маалымдагандай, Сингапурда акыркы күндөрү вирус жуктургандардын саны кескин көбөйдү. 9-апрелде эң жогорку көрсөткүч болуп, бир суткада 287 адамдан коронавирус тастыкталды. Андан бир күн мурун бейтаптардын саны 142 болчу.

Количество просмотров: 94