• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Дүйнөдөгү эң кымбат шаар аталды

17 Кулжа 20199:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.

ECA International уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Ашхабад дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп табылды.

Уюмдун 13-июнда жарыяланган иликтөөсүндө белгиленгендей, былтыр бул рейтингде 111-орунга жайгашкан Түркмөнстандын баш калаасы бир жыл ичинде 110 тепкичке жогорулап, быйыл сап башына чыккан.

Ашхабаддын бир жыл ичинде мындай жогорку баскычка чыгышын уюмдун өкүлдөрү акыркы жылдары Түркмөнстан туш болгон экономикалык жана валюталык мүшкүлдөргө байланыштырып жатышат.

Ашхабад сап башына чыккан дүйнөдөгү эң кымбат он шаардын катарын Цюрих, Женева, Базел, Берн, Гонгконг, Токио, Сеул, Тел-Авив жана Шанхай толуктады.

Количество просмотров: 29