• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Дүйнөдөгү көчмөн элдердин 5-фестивалы Моңголияда өтөбү?

13 Кулжа 201915:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.

Моңголия өлкөсү Кыргызстан менен көчмөн маданиятты өнүктүрүү багытында кызматташууга даяр. Бул тууралуу Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга 12-июнда президент Сооронбай Жээнбеков менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушканда айтты.

Ал 2018-жылы уюштурулган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Моңголиядан чоң делегация катышканын кошумчалады.

С.Жээнбековго кайрылган Моңголиянын президенти: «Дүйнөдөгү көчмөн элдердин 5-фестивалын Моңголияда өткөрүүгө укук алууну каалайбыз. Сизден көмөк көрсөтүүнү суранам», — деди.

IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркия мамлекети алган болчу.

Количество просмотров: 13