• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо
An official in protective suits ensures the temperature of the foreign passengers disembarked from the quarantined Diamond Princess cruise ship before boarding to buses at a port in Yokohama, near Tokyo, Friday, Feb. 21, 2020. Passengers tested negative for COVID-19 started disembarking since Wednesday. (AP Photo/Eugene Hoshiko)

Дүйнөдө коронавирустан 21 миң киши көз жумду

26 Жалган куран 2020 14:42 Бишкек Govori.TV

Кошмо Штаттарда коронавирустан өлгөндөрдүн саны миңден ашты. 70 миңге чукул киши бул илдетти жугузуп алды. Буга чейин өзгөчө абал киргизилген Вашингтон, Нью-Йорк, Калифорния жана Луизиана штаттарынын катарына шаршембиде Техас да кошулду.

Дүйнөдө айыгып чыккан 115 миңдей адамдын басымдуу бөлүгү кытайлыктар.

Италияда вирусту жугузгандар 75 миңге жетип, Кытайдын көрсөткүчүнө жакындады. Кыргызстанда 26-мартка карата коронавируска 44 киши чалдыкты.

Эксперттер Жер жүзү боюнча бул илдетке кабылгандардын так санын тесттердин жетишсиздигинен улам мүмкүн болбой жатканын, алардын саны алда канча көп болушу ыктымал экенин эскертип жатышат.

Количество просмотров: 234