• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны жарым миллион адамдан ашты

30 Кулжа 2020 16:47 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны жарым миллион адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө илдетти 10 млн 302 миң 867 адам жуктурса, 5 млн 235 миң 908 жаран айыкты. Коронавирусту жуктургандардын ичинен 505 миң 518 киши каза болду. Коронавирусту АКШда − 2 млн 590 миң 582 киши, Бразилияда − 1 млн 368 миң 195, Россияда − 640 миң 246, Индияда − 566 миң 840, Улуу Британияда − 313 миң 470, Перуда − 282 миң 365, Чилиде − 275 миң 999, Испанияда − 248 миң 970, Италияда − 240 миң 436, Иранда − 225 миң 205 адам жуктурган.

Количество просмотров: 101