• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн эки миңге жакын спортчу келет

17 Баш оона 2018 17:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн эки миңге жакын спортчу келүүгө даяр. Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын болжолдуу маалыматы боюнча, оюн ээлеринен кийин эле Россия – 235 спортчуну жана Казакстан – 195 спортуну жөнөтөт.
Өзбекстандан – 108 катышуучу, Тажикстан – 55 жана Түркмөнстан – 65. Афганистандан – 62, Кытай – 46, Монголия – 21.
Андан тышкары оюнга Украина – 46, Шри-Ланка — 34, Франция — 19, Польша — 23, Беларусия — 16, Болгария — 16, Пакистан — 91, Иран — 92, Индия – 64 спортчусун жөнөтөт. Оюнга АКШдан 58 спортчу келет, анын ичинде көк бөрү оюнчулары да бар.
Кыргызстандан 458 спортчу болуп, алар спорттун бардык түрү боюнча беттештерге катышат.
Оюнда спорттун 37 түрү боюнча белектер ойнотулуп, 594 жуп медаль болот.
Үчүнчү көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 млн. сом
ДКОнун катчылыгынын маалыматы боюнча, спорттук беттештер Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда, Кырчын жайлоосунда жана ат майдандын ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
ДКОнун ачылыш аземи 2-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда ат майданда болот, ал эми жабылуу аземи 8-сентябрга пландалган.
Количество просмотров: 16