• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 6,720 тест-системаларын Кыргызстанга берди

17 Чын куран 2020 15:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 илдетине 6,720 изилдөө жүргүзүү үчүн 64 ПЧР тест-системасын өткөрүп берди. Бул тест-системалар скрингдик изилдөө жүргүзүү үчүн жана башка өндүрүүчүлөрдүн ПЧР тесттерин пайдалануу менен алынган COVID-19 илдетине оң жыйынтыктарды  тастыктоо үчүн пайдаланылат.  

Бул ПЧР тест-системаларынын партиясы КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары өткөрүлүп берилди жана үчүнчү жолку жардам болуп эсептелет, анткени буга чейин февраль жана март айларында даярдыкты күчөтүүнүн алкагында жана оору чыгып кеткен учурда  илдетти тез аныктоо жана чара көрүү үчүн, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан өлкөгө 2,600 тест алынып келинген. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 коронавирус илдетин аныктоо үчүн  анализ алуу кайтарым транскрипциядагы полимераздык чынжырдуу реакция (ПЧР) ыкмасын пайдалануу менен жүргүзүлүшү керек деп белгилейт. ДСУ ушул ыкманы сунуштайт, анткени бүгүнкү күндө бул ыкма  COVID-19 вирустук инфекция илдетин аныктоодо эң эле так жана ишенимдүү ыкма болуп эсептелет. Бул ыкма адамдын биологиялык материалындагы эң аз сандагы РНК вирусун аныктоого жана оорунун баштапкы стадиясында эле табууга мүмкүндүк берет.

COVID-19 пандемиясына жооп катары  жана молекулярдык тестирлөө үчүн лабораториялык реагенттердин жетишсиздигинен улам, көптөгөн диагностикалык тесттерди өндүрүүчүлөр лабораториядан тышкары шарттарда тестирлөөнү жеңилдетүү үчүн бат жана жөнөкөй колдонулуучу тесттерди иштеп чыгып, сата башташты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «COVID-19 илдетин дарылоодо  иммунодиагностикалык тесттерди пайдалануу боюнча сунуштар» аттуу илимий маалымдаманы жарыялаган (2020-жылдын 8-апрелинде англис тилинде), анда заманбап маалыматтарга таянуу менен, ДСУ ушул жаңы  иммунодиагностикалык тесттерди изилдөө максаттарында гана пайдаланууну сунуштай тургандыгын белгилейт. Алар кандай гана болбосун башка шарттарда колдонулбашы керек, анын ичинде аларды пайдалануу үчүн конкреттүү көрсөткүчтөрдү тастыктаган, далилдер болмоюнча аларды клиникалык чечим кабыл алуу үчүн пайдаланууга болбойт. Керектүү талаптарга жооп бербеген тесттер активдүү инфекциясы бар бейтаптарды аныктай албай калышы мүмкүн же жаңылыштык менен соо адамдарды ооруган адамдардын  катарына кошушу мүмкүн, мунун өзү бул илдетти көзөмөлдөө боюнча аракеттерге тоскоолдук жаратат.

Кошумча маалымат: Мындай жардам өкмөттүн өтүнүчү менен 2020-жылдын 16-мартында ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун (ӨКЖКТ) гуманитардык жооп кайтаруу боюнча биргелешкен чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жана COVID-19 илдетине жооп кайтарууну камсыздоо жана эртелеп калыбына келтирүүгө даярдык көрүү максатында көрсөтүлүүдө.

БУУнун Туруктуу координатору жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу санитариясы жана гигиена жана азык-түлүккө кирбеген товарлар боюнча биргелешкен тармак боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ мекемелеринин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.

Количество просмотров: 56