• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: Коронавирустан сактанууга беткаптар жардам бербейт

18 Жалган куран 2020 12:59 Бишкек Govori.TV

Коронавирустан сактанууга беткаптар жардам бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, беткапты вирус жуктургандар жана оорулууну дарылагандар тагынышы керек.

«Дүйнөгө тарап жаткан өпкөнү сезгентүүчү илдеттен сактанууга күнүмдүк беткаптар жардам бербейт. Ошондой эле коронавирус илдетин жуктургандар грипп менен ооругандардан айырмаланып, мурду бүтпөйт ал эми калган белгилери окшош эле болот»,-дейт Артыкова.

Количество просмотров: 959