Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын өмүрүнө кол салуу аракетин кескин айыптап, тезирээк сакайып кетишин каалады.
Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо өнөктүгү учурунда кол салган кабарды терең тынчсыздануу менен кабыл алды.
Кыргызстандын мамлекет башчы бул зордук-зомбулук актысын кескин айыптайт жана Дональд Трамптын тезирээк сакайып кетишин каалайт
АКШнын президенти Жо Байден «мага Пенсильванияда Дональд Трамптын митингинде ок атылганы тууралуу кабарлашты. Анын коопсуз экенин жана жакшы иштеп жатканын укканыма кубанычтамын. Трампты коопсуз жайга алып келгени үчүн Жашыруун кызматка ыраазымын. Америкада мындай зордук-зомбулукка орун жок” -деди. Муну айыптоо үчүн бир эл катары биригишибиз керек»- деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан: «Менин ойлорум жана тиленүм ушул караңгы сааттарда президент Дональд Трамп менен бирге», — деп жазды.
Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони: «Шайлоо өнөктүгүнүн келерки айларында диалог жана жоопкерчилик жек көрүү менен зордук-зомбулуктан жеңет деп үмүттөнүп, анын тезирээк сакайып кетишин каалайм”-деди.