• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

«Дүйнө мистери-2019» сынагына ырчы Даниель катышат

5 Баш оона 201912:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.

Филиппиндин борбору Манила шаарында жыл сайын өтө турган Mister World-2019 («Дүйнө мистери») сынагына Кыргызстандан ырчы Даниель Бегалиев катышат. Бул тууралуу ал инстаграмдагы өздүк баракчасына жазды.

«Мен бул сынакта биринчи жолу өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам. Аракетим күчтүү, эч кимден коркпойм, ар кандай сынакка даярмын. Эң негизгиси башымды бийик көтөрөм, менин артымда мекеним, сиздер барсыңар. Күч бирдикте, кандай гана күн болбосун ар дайым бири-бирибизди колдойлу. Жеңиш биз жакта болсун!» — деген билдирүүсүн жазган.

Кошумчалай кетсек, быйыл бул сынакка 80ден ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышып, сынакта ар түрдүү спорттук мелдештер, тамак жасоо жана башка сынактар орун алат. Эл аралык сынакка Кыргыз өлкөсү 23 жыл ичинде биринчи жолу катышып жатканы айтылды.

Количество просмотров: 45