• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дүйшөбаев: Кемпир-Абад ишине «жашыруун» макам берип, сыртыбыздан тон бычып жатышат

19 Үчтүн айы 2023 16:00 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берип, сыртыбыздан тон бычып жатышат. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

«Абдан туура эмес кылышты. Ал жерде мамлекеттик сыр боло турчу эч нерсе жок. Кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берилишинин бир гана себебин көрүп жатабыз. Себеби эч кандай далил жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарын, биздин тарапташтарыбызды киргизбеш үчүн сотту жашыруун өткөрүп, сыртыбыздан тон бычуу менен кесүүгө даярданып жатышат»,-деди Дүйшөбаев.

Эске салсак, 2022-жылдын 23-октябрында милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирген. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.

Количество просмотров: 602