• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Дүйшөн Төрөкулов өзүн Ош шаарынын мэри деп жарыялады

7 Тогуздун айы 20200:40 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын тапшырды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына:

«Мэрдин шаар үчүн жасаган иштерине ыраазы болуңуздар. Алдыда ири долбоорлорду толук ишке ашыруу пландары болчу. Элибизге дагы көп кызмат кылат деген үмүттөбүз. Толугураак маалыматты эртең айтабыз,» — деп жазды.

Дүйшөн Төрөкулов өзүн Ош шаарынын мэри деп жарыялады. Ал Таалайбек Сарыбашевдин колунан бийлик өткөрүп алганын айтты.

6-октябрда мэриянын алдына ондогон адам чогулган. Алар Таалайбек Сарыбашовдун мэрлик кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Митингчилер азыр деле тарай элек.

Количество просмотров: 57