• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Дүйшөнбек Зилалиевдин сотунда аудио жаздырууга уруксаат берди

31 Теке 201917:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.07.2019. Govori.Tv

Биринчи Май райондук сотунда мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кылмыш иши боюнча соттук отурум башталды.

Сот фото жана видеого тартууга тыюу салды. Бирок, аудио жаздырууга уруксаат берди. Күнөөлөнүп жаткан Зилалиев тергөөдөн айып актысынын көчүрмөсүн алган эмес. Бирок, ал керектүү документтерин жактоочулары алып келгенин жана аны менен таанышкандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 12