Өзгөчө абалдын режиминин талаптарын сактабагандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшембиев онлайн пресс-конференция учурунда билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө абал коомдук тартипти коргоо жана адамдардын саламаттыгын сактоого карата түзүлдү.
«Учурда башкы Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси маалымат жыйын берүүдө. «Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу адамдар топтошкон жерге барбай үйдө болуп, айтылган режимди кармашы керек. Эгер кимде ким кызматкерлерге баш ийбей, өзгөчө абалдын режиминин талаптарын сактабагандар жоопкерчиликке тартылат», — деди Дүйшембиев.