• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Дүкөндүн сатуучусуна кол салып, аёосуз сабап салган шектүү кармалды

25 Чын куран 2024 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте белгисиз киши дүкөндүн сатуучусуна кол салып, аёосуз сабап салган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.

Окуя 24-апрелде 6-кичи районундагы дүкөндөрдүн биринде болгон.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, О.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, себепсиз кол көтөрүп, качып кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык, кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалды..

Көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1968-жылы туулган Г.А. аттуу чет элдик жаран кармалды.

Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 1386