Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасына таштанды челектер жана 20 даана био туалеттер орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы стадиондун айланасына таштанды челектерди орнотуп, оюн башталгандан бүткөнгө чейин шаардын тазалыгына көңүл бурат,-деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Бишкек мэриясы шаар тургундарынан тазалыкты сактоону суранат.