Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүү үчүн 14 саат бою тынымсыз Манас айтат.
Иш-чара борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айтуусун баштады.
Маалым болгондой, манасчы суу, тамак ичпей, дааратканага барбай Манас айтат.
Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков “Башканы коюп Манасты айт” сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракеси — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.