Манасчы Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтат.
Маалыматка ылайык, иш-чара 31-августтан 6-сентябрга чейин созулат. Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык беш сутка манас айтуу үчүн Москва шаарына бүгүн учуп кетти.
Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөтмөкчү.
Эске салсак, Сыдыков былтыр «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт токтобой манас айткан. Бул иш-чаранын максаты — элди ынтымакка чакырып, узак убакытка тынбай манас айтууну Гиннестин рекорддор китебине каттатуу болгон.