• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Дөөлөт Сыдыков Москвада 5 күн, 5 түн «Манас» айтып баштады

31 Баш оона 2021 17:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-августта Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен элчиликтин имаратында санасчы Дөөлөт Сыдыковдун 5 күн 5 түн «Манас» айтуусу башталды.

Элчиликтин имаратында салтанаттуу иш-чара өтүп, элчи Гүлнара-Клара Самат мекендештерди Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, Дөөлөт Сыдыковго ийгилик каалады. Москва шаарындагы мекендештер да манасчыга ыраазычылык билдирип, ак батасын беришти.

Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөткө «Манас» айтып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылат. Президент Садыр Жапаров ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын бергени маалым болду.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков буга чейин 14 саат 27 мүнөт тынымсыз «Манас» айткан болчу.

Количество просмотров: 153