• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Дөөлөт Сыдыков жумушун тапшырып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти

5 Бугу 2022 15:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин «Азаттыкка» ырастап бирок, ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Ошондой эле «кысым болду» деген маалыматтар чын экенин билдирип, ким, эмне себептен кысым кылганын тактаган жок.

«Жумушту өткөрүп бердим. Кетүүгө туура келди», — деген Сыдыков.

Буга чейин манасчы өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарга чыккан.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 266