Дөөлөт Сыдыковдун Орусиянын Москва шаарында «Манас» айтып жатканына 2 күн 21 саат болду.
Сыдыков «Манас» айтуусун 31-августта баштаган. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык беш күн, беш түн «Манас» айтат. Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөтүүдө.
Эске салсак, Сыдыков былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай, 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан.