Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев жетекчилик кызматта турганда «мыйзамсыз байыган» деген маалыматты четке кагып, бүгүн өзүнө жана жакындарына катталган мүлктөр менен тааныштырды.
Дамир Мусакеевдин ата-энесине жана бир туугандарына таандык 4 турак жай катталган. Алардын бири Маевкада 2006-жылы сатылып алынган жер тилкеге салынган 4 бөлмөлүү үй. Толук бүтө элек, ыңгайлуу шарты жок үйдө Д. Мусакеев 3 жыл жашаганын айтты.
«Бул үйдө азыр инилерим турат. Кызматтык жатаканага чыккыча ушул жакта өзүм 3 жыл жашагам. Бактарды дагы өзүм отургузгам. Документ боюнча 2011-жылы бул тамды өзүбүзгө каттатканбыз», -дейт Д. Мусакеев.
Кийинки тааныштырган 3-турак жай дагы жансакчынын атасына катталган.
Учурда толук бүтпөй курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан үйлөр Новопавловка, Ак-Ордо жаңы конуштарында жайгашкан. Ал эми Д. Мусакеевдин айтуусунда жогорудагы толук бүтө элек турак жайлар, 2010-2011 жылдары жел тилкелерди 100миң сомдун тегерегинде сатып алышканын, эч кандай миллионер эместигин айтып, турак жай тааныштыруу эстафетасын Раим Матраимовго өткөрүп берди.
Ал эми эмне үчүн жер тилкелери 2010-2011 жылдары удаа сатылып алынган деген журналисттердин суроосуна бир жылда 100миң сом тапкандай ата-энесинин чарбасы бар экенин айтышты бир тууган Мусакеевдер.