• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Д.Сарыгулов: «70 жашка чыктым, абакта мени менен эмне кана кылышкан жок, мен сынган жокмун…»

2 Бирдин айы 201821:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.2018.Govori.TV

Камактагы оппозициялык саясатчылардын соту 2-февралда, тункү саат 21:30 аяктап, кийинки отурум 5-февралга жылды. Сот процесси жабык өттү. Камактагы Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров менен Эрнест Карыбековдон тышкары коомдук ишмер Дастан Сарыгулов да айыпталуучу катары көрсөтмө берип келе жатат. Сарыгулов өзү үй камагында болгондуктан сот ага иш боюнча кандайдыр расмий билдирүү таратууга тыюу салган.

Бирок сот боюнча өз оюн ал жарандык активист Адиль Турдукуловго айтып кетти.

«Эң негизи азыр прокурорлор бизге коюлган айыптарды кандай түрдө далилдөөнү билбей турушат. Эгерде, сот отурум ачык түрдө өтсө, ошондо коомчулук билет эле, бул иш өтө эле фальсификацияланган. УКМК берген аудиосу жасалма. Азыр прокурорлор күнөөнү кандай коерун билбей  баштары катып жатышат. Бирок мен айтат элем, сынбагыла. Мен 70 жашка чыктым, мен сынган жокмун. Абакта мени менен эмнени гана кылышкан жок, мен сынган жокмун. Советтик Союз жок болсо да, Ежовдун ыкмалары калыптыр»,- деди Дастан Сарыгулов.

Ошондой эле Дастан Сарыгулов Бектур Асановдун ден соолугу начарлаганын айтып кетти. Анын айтымында, Бектур Асанов 4 күндөн бери кургак ачкачылык кармап жаткан. «Ал операциядан кийин дагы өзүнө келе элек»,-деди Сарыгулов.

https://www.facebook.com/adil.turdukulov/videos/1971592659761979/

Мындан тышкары Сарыгулов, Ирландияда бир адам ачкачылык жырыялап, 14 кун гана чыдап, анан ачкачылыктан улам каза тапканын эскертип кетти.

Буга чейин камактагы оппозициячы саясатчылар өз укугу одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып, үч күн мурда ачкачылык жарыялашкан. Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков экөөнүн ден соолугу начарлап кеткени 31-январда маалым болуп, УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган. Натыйжада алардын 31-январга белгиленген соту 2-февралга калтырылган.

Үч саясатчы мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратууга, булар менен чогуу айыпталып жаткан Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

2016-жылдын жазынан бери камакта отурган айыпталуучулар райондук соттун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын белгилеп келишет.

Камактагы үч саясатчы парламент депутаттарына жана коомчулукка жиберген кайрылуусунда алар эч далилсиз соттолуп жатканын, бийликтин саясий туткунуна айланганын жазышкан.

Количество просмотров: 46