• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Д.Сыдыков: Кыргызстанда 2019-жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөт

12 Үчтүн айы 2019 14:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда 2019-жыл Шанхай Кызматташтык Уюмунун эгидасы алдында өтөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков.

Ал билдиргендей, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин өткөрүү 2019-жылдын 14-15-июнуна пландалды.

Бул иш-чараларга даярдыктын алкагында КР Президенти өз буйругу менен уюштуруу комитетин түзүп, ал тиешелүү пландарды кабыл алды.

2018-жылдын июль айында Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы жөнүндө биринчи план бекитилген, уюштуруу комитетинин бир катар жыйындары өткөн, башкы Саммитти жогорку уюшкандык деңгээлде даярдоо боюнча тиешелүү протоколдор, анын ичинде маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү боюнча протокол бекитилген. Ар бир тиешелүү министрлик жана ведомство өздөрүнүн тармактык иш-чараларын өткөрүүдө.

«2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги Саммитинде бул абройлуу Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн. Андан бери ШКУга мүчө мамлекеттердин Юстиция министрликтеринин, Айыл чарба министрликтеринин, Эсеп палаталарынын, Регионалдык террорго каршы кызматташтык Кеңештин, Чек ара кызмат башчылардын кеңешинин отурумдары ж. б. болуп өттү. Алдыда дагы Коопсуздук Кеңештердин катчыларынын, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин отурумдары жана ошондой эле ШКУ мед а-саммити, көркөм көргөзмө, Эл аралык марафон, ШКУ Бизнес-форуму жана башкы Саммиттин алдындагы гала-концерт сыяктуу маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү күтүлүүдө», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын негизги приоритеттери — бул уюмдун беделинин бекемделишине жана эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык тармактарда кызматташууну кеңейтүү.

«Бул уюмдун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жана позицияларынын жакындыгы, бири-бирине жасаган колдоосу негиз болуп эсептелет. Бардык алдыдагы иш-чаралар жана Саммиттин өзү дагы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү саясий окуялар болуп эсептелет», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал ШКУ Саммитинин алкагында КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин алдыда күтүлүп жаткан Кыргызстанга мамлекеттик визити, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин күтүлүп жаткан Кыргызстанга расмий иш сапары маселелери иштелип жатканын белгиледи.

«Күн тартибинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги маселе турат. Саясий жактан бизде эч кандай чечилбеген маселелер жок», — деп жыйынтыктады Данияр Сыдыков.

Количество просмотров: 9