• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Дача-Су боюнча кылмыш иши жанданат

16 Чын куран 201916:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев («Республика-Ата Журт») Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Дача-Судагы кырсыкка байланышкан тергөө иши тууралуу маселени көтөрдү.

Тактап айтканда, депутат Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Боингдеги жүк тууралуу жана ал кимге таандык болгондугун сурады. Башкы прокурор 2019-жылдын 14-январында ИИМдин аталган ишти токтотуу боюнча чечими жокко чыгарылгандыгын жана учурда ал иш жандандырылгандыгын айтты. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы авиакырсык боюнча 2017-жылы козголгон кылмыш иши иш жүзүндө өндүрүштөн кыскартылгандыгын тастыкташкан.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында түрк компаниясына таандык Гонконгдон Стамбулга сапар алган Boeing-747-400 самолету Дача-Су айылына кулаган. Кырсыктан 39 адам тактап айтканда , Кыргызстандын 35 жараны жана 4 экипаждын мүчөлөрү каза табышкан.

Картинки по запросу Дача-Су кырсык
Картинки по запросу Дача-Су кырсык
Картинки по запросу Дача-Су кырсык
Количество просмотров: 25