Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.
Экс-Башпрокурор Индира Жолдубаева «Дача-Су кырсыгына байланышкан далилдерди Атамбаев бүт жок кылдырган»,- деген маалымат тараган соң, коомчулукта катуу талкуу жаралган. Көп өтпөй бул маалымат «фейк» деп табылып, Жолдубаева мындай пикирин билдирбегени айтылган.
Ал эми бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп берип, фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү тараткан.
«Мындай маалымат жалган жана мындай абал болгон да эмес. Биз бул маалыматтан соң Жолдубаева менен да байланыштык, ал аны четке какты. Ал эми учактагы жүктүн жок дегенде 1 граммы Атамбаевге таандык болсо, Турциянын атайы кызматтары жана Ак үйдөгү оппоненттери тарабынан эчак эле ачыкка чыкмак»,- деген ал.
Эске салсак, кечээ ЖКда Башкы прокурор Ө. Жамшитов Дача-Судагы авиакырсык боюнча тергөө жанданганын депутаттын суроосуна жооп берип жатып айткан.