• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Дача Суу комиссиясы: Атамбаевдин өкмөтү 1 тыйын да бөлгөн эмес

5 Бештин айы 2022 12:35 Бишкек Govori.TV

Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын корутундусу менен 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары таанышып чыкты. Депутаттарга комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат берип, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгонун, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыкканын айтты.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбековдун суроосуна жооп берип жаткан комиссиянын мүчөсү Мавлян Аскарбеков элден чогулган каражаттар кайда жана кантип бөлүштүрүлгөнүн айтып берди.

Аскарбековдун айтымында, элден түшкөн 102 миллион сомду жергиликтүү бийликке тараткыла деп тапшырылган.

«Элден чогулган каражатты компенсация катары алсаңар алгыла деген таризде таратылган. Андан тышкары элден чогулган каражатты берип жатканда нотариалдык түрдө «өкмөткө эч кандай доом жок» деген негиздеме жаздырып алышкан. Ал жерде 5, 10, 15, 20 миңден алганы бар. Андан тышкары эл чогулткан акчанын бир бөлүгү жергиликтүү бийликтин кагазга чейин бөлгөнү бар, сууга, светке чейин төлөнгөнү бар, себеби кыргыз өкмөтү, Атамбаевдин өкмөтү бир тыйын да бөлгөн эмес», — деди Аскарбеков.

18 киши урамына кирген коомдук комиссия президенттин демилгеси менен быйыл май айында түзүлгөн.

2017-жылдын 16-январында эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Кырсыкта 35 тургун (алардын 17си балдар) жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары болчу.

Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан.

Количество просмотров: 420