• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Аскарбеков: Дача Суу боюнча Атамбаевди реабилитациялоо аракети болуп жатат…

5 Бештин айы 2022 12:42 Бишкек Govori.TV

Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын корутундусу менен 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары таанышып чыкты. Депутаттарга комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат берип, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгонун, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыкканын айтты.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбековдун түрк тарап берген кенемтенин тагдырына кызыгып суроо узатты. Депутаттын суроосуна жооп берип жаткан комиссиянын мүчөсү Мавлян Аскарбеков «Атамбаевди азыр реабилитациялоо аракети болуп жатат… Ал Дача Сууга кулаган учактагы жүккө тиешем жок деген сөздөрдү айтууда» деген пикирин айтты.

18 киши урамына кирген коомдук комиссия президенттин демилгеси менен быйыл май айында түзүлгөн.

2017-жылдын 16-январында эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Кырсыкта 35 тургун (алардын 17си балдар) жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары болчу.

Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан.

Количество просмотров: 2252