• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Дагы 520 адамдан COVID-19 жаңы табылып, алты бейтап каза болду

14 Баш оона 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 14-августка карата коронавирус дагы 520 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 299, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 883, Ош облусунда –14, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 197 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 654 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 216 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 591 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 758 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 162 миң 104 киши айыгып чыкса, 2 миң 439 адам каза болду.

Количество просмотров: 164