Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.
Экөө тең вакцина албагандар экени айтылды. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында жаңы учур катталган жок.
Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2720 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 53 адамдан табылды. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында.
Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.