• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дагы 62 адамдан COVID-19 табылып, үч бейтап каза болду

18 Жетинин айы 2021 10:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 18-ноябрга карата коронавирус дагы 62 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 17, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 560 бейтап, амбулатордук түрдө 661 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 667 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 200 киши айыгып чыкса, 2 миң 715 адам каза болду.

Количество просмотров: 60