• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Дагы бир ката. Кудайбергенова каякты карап жүрөт?

3 Теке 2019 10:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Кочкор районунун мектептеринин биринде 11-класстын окуучусуна ката жазылган аттестат тапшырылган. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу өздүк баракчасына билдирүү жазып, ката басылган документтин сүрөтүн жарыялаган.

Маалыматка ылайык, окуя Нарын облусунун Кочкор районундагы Жунушалы кызы Зайнап атындагы орто мектебинде катталган.

Эң кызыгы ката жазылган аттестатка мектеп директору, завучу, класс жетекчиси жана мугалимдер кол коюшуп, мөөр басылган.

Ал эми бул жөнүндө Билим берүү министрлигинде аталган факты катталганын айтышып, жогорудагы мектепте 10 жараксыз аттестат табылган жана алар оңдоого кайра берилээрин билдиришти.

Эске салсак, буга чейин да аталган министрлик тарабынан катасы менен басылган аттестаттар окуучуларга берилгени талкууга түшкөн эле.

Количество просмотров: 4