• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дагы бир журналистке кылмыш иши козголду. Үч саясатчы элге кайрылуу жасашты Соңку жаңылыктар 13 02 18

13 Бирдин айы 2018 16:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.02.18.Govori.TV
Журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш иши козголду
Журналист Элнура Алкановага каршы кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Анын адвокаты Жыргал Бабаев билдиргендей, журналист Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренеси — «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу» жана 194-берене — «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу» боюнча күнөөлөнүүдө. Кылмыш ишин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы козгогон. Мурдараак аталган мекеменин чечими менен Алканованын өлкөдөн чыгышына тыюу салынган эле. Анын алдында журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка чакырылган. Бүгүн айыбын угузду. Ишти сотко жөнөтөбүз деп жатышат. Мен адвокат катары «иште кылмыштын курамы жок, кыскарткыла» деген өтүнүч киргиздим. Бүгүн же эртең жообун бериши керек, — дейт адвокаты Бабаев.
Үч саясатчы элге кайрылуу жасашты
Бишкектеги №47 абакта ачкачылык кармап отурган үч саясатчы — Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков — элге кайрылуу жазашты. Алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев алып келген эки бет кайрылуу 12-февралда жазылып, үчөөнүн колу коюлган. Кайрылууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) күнөөсүз кишилерге кыйноонун аёосуз түрлөрүн колдонору, буга жетиштүү далилдер бар экени белгиленет. Анда түрмөдөгү кишилердин 70 пайызга жакыны күнөөсүз камалганы, кыйноонун курмандыгы болуп, темир тор артында отурушканы жазылат. Кайрылуунун соңунда түрмөгө күнөөсүз түштүм деген жарандар жана адвокаттары президент Сооронбай Жээнбековдун атына жана Коопсуздук кеңешине ачык кат жиберүүнү сунуш кылышат. Бул боюнча УКМК азырынча комментарий бере элек.
Москва шаарында 25 Кыргыз жараны кармалды
Орусиянын Москва шаарында 25 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, аталган 25 Кыргыз жараны Москва шаарындагы Новогиреево районунда кармалган. Аталган жарандар Орусиянын ИИМ кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандардын каттоо документтерин текшерүү учурунда кармалган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 23 Кыргыз жараны коё берилип, калган экөөндө миграциялык мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Аталган өлкөнүн мыйзамына ылайык, эки Кыргыз жаранына 5 миң рубль айып салынат.

Количество просмотров: 11